ГЕЗАРТ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:05, 19 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЗАРТ МӨӉГҮСҮ – Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөӊгү. Узундугу 8,5 км, аянты 9,8 км2. Араван-Сайдын сол курамы – Чили-Сайдын төрүндө. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4900 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4350 м. Абляция облусунун аянты 5,3 км2. Көлөмү 0,83 км3. Мөӊгү 1914–63-жылдарда 1 кмге чегинген. Мөӊгүдөн Чили-Сай суусунун сол курамы – Гезарт башталат.