ГЕЙЗЕР
ГЕ́ЙЗЕР (исландча geysir, geysa – төгүп жиберүү) – мезгил-мезгили м-н ысык суу ж-а буу атылып туруучу кайнар булак. Негизинен аракеттеги жанар тоолуу аймактарда көбүрөөк пайда болот. Ал кесилген кичирээк конус, ар кандай формадагы чуӊкур ж-а жапыз казанбак, чөйчөк сымал ке-

лип, алардын түбүндө же боорунда майда түтүкчөлөр, көӊдөйчөлөр ж-а жаракалар болот. Чуӊкурга суу толгончо Г. тынч абалда жатат. Андан кийин тешиктерден ысык суу, буу күч м-н атылып чыгат, кысым азайганда суу м-н буунун чыгуусу токтоп, кайрадан тынчыйт. Аракет циклинин узактыгы ж-а айрым стадияларынын туруктуулугуна же өзгөрмөлүүлүгүнө жараша болот. Г. ү з г ү л т ү к т ү ү ж-а ү з г ү л т ү к с ү з болуп бөлүнөт. Г. суусунун атылуусунун узактыгы ондогон минутага, ал эми тынчыган кези бир нече саатка, кээде бир топ күнгө созулат. Г-дин суусу таза же чала минералдуу, хим. курамы б-ча хлорид-натрийлүү, хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү келет. Курамында кремнезём көп болсо, суу чыгып жаткан жердин айланасында опал сыяктуу тоо тек – гейзерит пайда болот. Г-ден атылып чыккан суу 50 м, буу 150 мден бийик көтөрүлүп, суунун темп-расы 80°–90°ка жетет. Г. Россияда (Камчатка), Исландия, АКШ, Жаӊы Зеландия, Италия, Япония ж-а Кытайда бар. Андан чыккан ысык суу м-н бууну геотермия электр станциясына пайдаланууга болот, үйлөрдү ж-а күнөсканаларды жылытууда, энергетикалык курулмаларда колдонулат.