ГЕЙЗЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 19 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́ЙЗЕР (исландча geysir, geysa – төгүп жиберүү) – мезгил-мезгили м-н ысык суу ж-а буу атылып туруучу кайнар булак. Негизинен аракеттеги жанар тоолуу аймактарда көбүрөөк пайда болот. Ал кесилген кичирээк конус, ар кандай формадагы чуӊкур ж-а жапыз казанбак, чөйчөк сымал ке-

лип, алардын түбүндө же боорунда майда түтүкчөлөр, көӊдөйчөлөр ж-а жаракалар болот. Чуӊкурга суу толгончо Гейзер тынч абалда жатат. Андан кийин тешиктерден ысык суу, буу күч м-н атылып чыгат, кысым азайганда суу м-н буунун чыгуусу токтоп, кайрадан тынчыйт. Аракет циклинин узактыгы ж-а айрым стадияларынын туруктуулугуна же өзгөрмөлүүлүгүнө жараша болот. Гейзер ү з г ү л т ү к т ү ү ж-а ү з г ү л т ү к с ү з болуп бөлүнөт. Гейзер суусунун атылуусунун узактыгы ондогон минутага, ал эми тынчыган кези бир нече саатка, кээде бир топ күнгө созулат. Гейзердин суусу таза же чала минералдуу, химиялык курамы боюнча хлорид-натрийлүү, хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү келет. Курамында кремнезём көп болсо, суу чыгып жаткан жердин айланасында опал сыяктуу тоо тек – гейзерит пайда болот. Гейзерден атылып чыккан суу 50 м, буу 150 мден бийик көтөрүлүп, суунун температурасы 80°–90°ка жетет. Гейзер Россияда (Камчатка), Исландия, АКШ, Жаӊы Зеландия, Италия, Япония ж-а Кытайда бар. Андан чыккан ысык суу м-н бууну геотермия электр станциясына пайдаланууга болот, үйлөрдү ж-а күнөсканаларды жылытууда, энергетикалык курулмаларда колдонулат.