ГЕЙНЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́ЙНЕ Генрих (13. 12. 1797, Дюссельдорф – 17.2. 1856, Париж) – немец акыны, публицист, сынчы, сатирик, фельетончу. «Жаш Германия» кыймылынын идеологу. Берлин ун-тинде окуган. 1831-ж. Францияга келип, өмүрүнүн акырына чейин саясий эми-

Генрих Гейне. М. Оппенгеймдин литографиясы.

грант катары жашаган. Чыгармалары 1820-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ырлары «Ырлар китебине» (1827) кирген. «Атта Троль» (1843), «Германия. Кышкы жомок» (1844) аттуу поэмаларында ж-а кара сөз м-н жазылган «Жол сүрөттөрүндө» (1826–31) рев-ячыл, демокр. идеялар чагылдырылып, реалисттик тенденциялар басымдуулук кылат. «Франция иштери» (1832), «Лютеция» (1847), «Людвиг Бёрне» (1840) аттуу чыгармаларында Франциядагы саясий жагдайларга өз көз карашын билдирген. «Француз сүрөтчүлөрү» (1831), «Француз сахнасы тууралуу» (1837) деген каттар жыйнагы аркылуу сынчы, «Ырлар», «Жаңы ырлар» (1844), «Аӊыз, жомок, ырлар» (1965), «Лирика» (1971) аттуу чыгармалары аркылуу мыкты сүрөткер катары таанылган. 1851-ж. Г-нин чыг-лыгында олуттуу орун ээлеген «Романсеро» деген китеби жарыкка чыккан. Г-нин чыгармаларын орус рев-ячыл демократтары жогору баалаган. Фашисттик Германияда гитлерчилер улуу акындын чыгармаларын өрттөшкөн. Г-нин көп ырларына Ф. Шуберт, Р. Шуман, Ф. Лист, П. И. Чайковский ж. б. композиторлор музыка жазган. Г-нин лирикалык ырлары, айрым поэмалары кыргыз тилине которулган.
Ад.: Стадников Г. В. Г. Гейне. М. 1984.