ГЕКЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 19 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́КЛА, Х е к л а – Исландиянын түштүк-батыш бөлүгүндөгү аракеттеги жанар тоо. Жарака тибиндеги жанар тоолорго кирет. Бийиктиги 1491 м. Андезит ж-а базальт лаваларынан турат. Акыркы 700 жыл ичинде 20дан ашык алаамат атылуулар болгон; 1766- ж-а 1947–48-жылдарда өтө катуу атылган, кийинки атылуусу 1980-жылы болгон.