ГЕКСАМЕТИЛЕНДИАМИН
ГЕКСАМЕТИЛЕНДИАМИ́Н, 1,6-д и а м и н о г е к с а н, NН2(СН2)6NH2 — түссүз кристалл түрүндөгү органикалык бирикме. Молекулалык салмагы 116,2, эрүү t 42°С, кайноо t 204 – 205°С. Нымдуу абада түтөйт, көмүртектин кош оксидин өзүнө жакшы сиӊирет. Суу, спирт, эфир, бензол ж. б. органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Гексаметилендиаминдин амин тобу башка функциялык топторго оӊой алмашат. Органикалык ж-а органикалык эмес кислоталар м-н туздарды пайда кылат. Эки негиздүү кислоталар, альдегиддер ж-а кетондор м-н конденсация ж-а поликонденсация реакциясына кирет; органикалык кислоталар м-н кошуп ысытканда амиддер пайда болот. Ушул реакциянын негизинде андан баалуу полимерлер – полиамиддер алынат. Өндүрүштө адипин кислотасынын динитрилин басым алдында катализдик гидрлөөдөн алынат. Гексаметилендиамин полиамид булаларын, полиуретандарды алууда кеӊири колдонулат. Териге, дем алуу жолдоруна, көздүн былжыр челине күчтүү таасир тийгизет.