ГЕЛЬФРЕЙХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 21 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛЬФРЕЙХ Владимир Георгиевич [12 (24). 3. 1885, Санкт-Петербург – 7. 8. 1967, Москва] – cоветтик архитектор, педагог, профессор, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946, 1949). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1965), СССР архитектура академиясынын академиги (1947), Петербург көркөм сүрөт академиясында Л. Н. Бенуадан таалим алган (1906–14). Архитектор В. А. Щуко м-н бирге Ленинграддагы Смольный дарбазасынын (1923–25), Москвадагы В. И. Ленин атындагы (азыр Россия мамлекеттик) китепкананын (1928–58), Ростов-на-Донудагы М. Горький атындагы драма театрынын (1930–35) имараттарынын, Сухумидеги Өкмөт үйүнүн долбоорун түзгөн; архитектор И. Е. Рожин м-н Москвадагы метрополитенди («Новокузнецк» станциясынын вестибюлу, 1943; «Электрозавод» станциясы, 1944) ж-а Смоленск аянтындагы тышкы иштер министрлигинин имаратын долбоорлогон (1948–52). Анын жетекчилиги м-н Ку-
Файл:ГЕЛЬФРЕЙХ103.png тузов проспекти кайра курулган. Ал Ленинград көркөм сүрөт академиясынын (1918–35), Москва жогорку көркөм сүрөт окуу жайынын профессору (1959–67) болгон. Эки Ленин, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.