ГЕМАТИТ
ГЕМАТИ́Т (гр. hаima – кан), т е м и р ж а р к ы р а г ы, к р о в а в и к – темирдин кеӊири тараган минералы. Химиялык формуласы Fe2O3. Курамында титан (11%), алюминий (14%) ж-а марганец (17%ке чейин) кездешет. Тригон сингониясында кристаллданат. Өӊү кара, боз, кээси кызыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6–6,5; тыгыздыгы 5,3 г/см3. Гематит окистенүү шартында пайда болуп, түрдүү типтеги кен-

дерде ж-а ар кандай тоо тектерде кездешет. Гематит – темирдин негизги кенташтарынын бири. Боёк ж-а майда кооз зер буюмдарды жасоодо колдонулат.