ГЕМИГИЛЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 21 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕМИГИЛЕ́Я (геми... ж-а гр. hele – токой), ч а л а г и л е я – Түндүк ж-а Түштүк жарым шарлардын субтропиктик, бир аз тропиктик ж-а мелүүн алкактарда өскөн нымдуу, дайыма жашыл ж-а (кыйла жогорку кеӊдиктердеги) жайында жашыл аралаш токой. Токой астында кызыл-коӊур, сары ж-а кызыл топурактар өөрчүйт. Гилея сыяктуу эле дарактарынын бийиктиги (45–55 м), көп ярустуулугу, түнт, чытырман токою, түргө байлыгы, лианалардын, дарак сымал папоротниктердин ж-а гүлдүү эпифиттердин көптүгү м-н өзгөчөлөнөт. Бамбук бадалдары, гигрофиль өсүмдүктүү саздар көп кездешет. Дайыма нымдуу океандык климаттык шартта өсөт; жаан-чачындын жылдык өлчөмү бардык жеринде 1000 ммден, айрым жерлеринде 5000 ммден ашык; абанын темппературасы сутка ичинде ж-а сезон боюнча бир аз гана өзгөрөт. Гемигилея АКШнын түштүк-батышындагы, Бразилия бөксө тоосунун түштүгүндөгү, Африканын түштүк-чыгышындагы, Жаӊы Зеландиядагы ж. б. айрым жерлердеги тоолордун айдарым капталдарын ээлейт.