ГЕНЕАЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНЕАЛО́ГИЯ (гр. genealogia – санжыра) – тарых илиминин көмөкчү тармагы. Уруулардын тарыхын, жеке адамдардын тек-жайын, тууганчылык байланыштарын иликтеп, санжыра же тукум тарыхын түзөт. Байыркы мезгилдерден эле падышалардын, өкүмдарлардын, мифтик баатырлардын теги тууралуу айтылып келген, ал эми орто кылымдарда Батыш Европада сословиелик артыкчылыктардын бекемделишине байланыштуу анын мааниси жогорулаган. Бир уруунун теги тууралуу атайын маалымдамалар (Генеалогиялык таблица, схема түрүндө) түзүлүп, анда уруунун түпкү тегинен тартып, кандай таралгандыгы көрсөтүлүп, ар бир уруу өзүнүн байыркылыгын ж-а тектүүлүгүн далилдегенге аракеттенген. 17–18-кылымдарда Генеалогия тарых илиминин көмөкчү тармагы катары калыптана баштаган, к. Санжыра.