ГЕНЕРАЛ-ГУБЕРНАТОРЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНЕРА́Л-ГУБЕРНАТОРЛУК – 1775–1917-жылдарда Россиядагы чоӊ административдик-аймактык бирдик. Генерал-Губернаторлуктун башында генерал-губернатор туруп, анын негизин бир, же бир нече облус м-н губерния түзүп, көбүнчө Россиянын чет жакасындагы аймактар кирген. Мис., 1803-жылы Сибирь Генерал-Губернаторлугу түзүлүп, кийин ал Батыш ж-а Чыгыш Генерал-Губернаторлукка бөлүнгөн (1822). 1867-жылы Жети-Суу облусун кучагына алган Түркстан генерал-губернаторлугу, 1882-ж. Талаа генерал-губернаторлугу түзүлгөн. Кыргызстан Жети-Суу облусунун курамында болгон.