ГЕНОМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:21, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНО́М, (нем. Genom) – айрым түрдүн гаплоиддик хромосомасына мүнөздүү ген жыйындысы. «Геном» терминин 1920-жылы немец окумуштуусу Г. Винклер киргизген. Особдорду мүнөздөөчү генотиптен айырмаланып, Геном түрдүн мүнөзүн көрсөтөт. Алыскы түрлөрдү аргындаштырууда, ар түрдүү Геномдук организмдерди – аллополиплоиддерди, мисалы, буудай м-н буудайык гибридин алууга болот. Түрдүү Геномдук өсүмдүктөр кээде табиятта да кездешет. Түрлөрдүн Геномунун санын ж-а окшоштугун аныктоо үчүн атайын ыкма Геномдук анализ колдонулат. Диплоиддүү организмде Геном ген анализдөөнүн бөлүнүүчү бирдиги, анткени нормалдуу гамета бирден Геном алып жүрөт. Аны организмдин өнүгүүсүндө функциялык бирдик катары да кароого болот, анткени кээ бир организмдер (өзгөчө өсүмдүктөр) бир Геномду алып жүргөн гаплоидден өнүгөт.