ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ – жер бетиндеги кандайдыр бир пункттун же ареалдын андан тышкары жаткан объект же аймакка карата жайгашуу абалы. Математикада Географиялык абал – ошол пункттун же жердин узундугу ж-а кеӊдиги; физикалык географияда – алардын физикалык-географиялык объектиге (тоо, дарыя, көл, деӊиз, океан ж. б.) карата абалы. Экономикалык ж-а саясий географияда Географиялык абал – өлкөнүн, райондун, кыштактардын ж. б. объектилердин башка экономикалык-географиялык объектилерге (жол катнашы, рынок, чарба борборлору ж. б.) ж-а физикалык-географияда объектилерге карата абалын билдирет. Географиялык абал – өлкөнүн, райондун, шаардын өнүгүшүнүн зарыл шарттарынын бири. Географиялык абалдын практикалык мааниси түрдүү коомдук-экономикалык формацияда өзгөрүп турат.