ГЕОГРАФИЯЛЫК КЕӉДИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК КЕӉДИК – жер бетиндеги чекиттин абалын аныктаган географиялык координаталардын бири; берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч. Астрономиялык ж-а геодезиялык болуп бөлүнөт. Географиялык кеңдик Экватордон түндүктү ж-а түштүктү карай 0°тан 90°ка чейин эсептелинет.