ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ
ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМ – географияга кызыккандардын ж-а адис географтардын өз ыктыярдуу уюму. Географиялык коом 60тан ашуун өлкөдө түзүлгөн. Эӊ алгачкылары: Париж (1821-жылы негизделген), Берлин (1828), Лондон Королдук (1830), Мексика (1833), Петербург (1845), Нью-Йорк (1852) Географиялык коомдору. Айрым өлкөлөрдө бир нече өз алдынча Географиялык коомдор бар; кесипке карата (адис географтар, ЖОЖдун окутуучулары, мугалимдер ж. б.) алар аймактык бирикмелерге ж-а ассоциацияларга бөлүнгөн. Анда белгилүү бир кесиптеги географтарды бириктирген илимий бөлүмдөр иштейт. Географиялык коомдордо комплекстик илимий программаларды чечүү үчүн проблемаларды караштыруу комитеттери түзүлөт. Географиялык коом өзүнүн иш-аракети м-н география илиминин өнүгүшүнө ж-а кеӊири белгилүү болушуна өбөлгө түзөт. Географиялык коомдун жетекчилиги астында ж-а анын катышуусу м-н экспедициялар, конференциялар уюштурулуп, журналдар, монографиялар, илимий эмгек жыйнактары, карта ж-а атластар басылып чыгат. 1871–1914-жылдары Географиялык коом Эл аралык географиялык конгрессти чакыруунун демилгечиси болуп келген. Кийин бул ишти Эл аралык географиялык союз аткарган. Кыргызстанда адегенде СССР географиялык коомунун (1947) филиалы иштеген, кийинчерээк Кыргыз географиялык коому болуп уюшулган. Коомдун жогорку органы съезд (4–5 жылда бир чакырылат).
А. Осмонов.