ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС) – геогр. маалыматты алуу, сактоо, кайра иштетүү, топтоо ж-а жайылтуу б-ча өз ара байланышкан каражаттар комплекси. Ал картографиялык, гидрометеорологиялык, статистикалык, дистанциялык зонд маалыматтарын, о. эле экол. мониторинг, экспедициялардын материалдарын ж. б-ларды бириктирип, камтыйт. ГМС – көптөгөн геогр. маалыматтардын узак убакыттагы эвол. өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. Алардын көбү (өлкө таануу, маалымат наамалар, комплекстик ж-а тармактык атластар, реферат журналдар, предметтик ж-а региондук библиогр. көрсөткүчтөр ж. б.) азыр да колдонулууда. Бүгүнкү күндө бат өзгөрүүгө дуушар болгон табигый ж-а социалдык-экон. процесстердин абалы ж-дө маалыматты тез арада алуу зарылдыгы автоматташтырылган ГМСке өтүүгө мажбурлады. Керектүү маалыматты алуу визуалдык, аспаптык, контакттык же аралыктан байкоо ыкмалары, о. эле статистикалык отчёт системасы м-н жүзөгө ашат. Көп учурда ГМСке образдардын чечилишин аныктоо ж-а таануу б-ча автоматтык каражаттар киргизилет. Өзгөчө көӊүл ЭЭМдин эсине сактоо түзүлүштөрүн (компьютер, интернет түйүнү ж. б.) колдонуу аркылуу тармактык ж-а универсалдык геогр. маалыматты топтоо банкын түзүүгө бурулат. Алгачкы ГМС Канада, Швеция ж-а Финляндияда 1960–70-жылдары жер иштетүүнү ж-а токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда ГМСтин саны (дүйнө жүзү б-ча) миӊдеп саналууда. Белгилүүлөрү: ArcINFO, INTRGRAPH, MapINFO, Atlas GIS. WinGIS (АКШ), Geograph (Россия) ж. б. Аймактын бөлүнүшү б-ча глобалдык, улуттук, региондук, муниципалдык, локалдык ГМС болуп бөлүнөт. Ал эми тематикасы б-ча жер маалымат системасы (ЖМС), кадастрдык (КМС), экол. (ЭМС), автоматташтырылган картографиялык (АМС), билим алуучулук, деӊиз ж. б. ГМС анализдик, тематикалык карталардын жаӊы типтерин түзө алат. Алар башкаруу иштеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат. Мис., чөйрөнүн индустриялык булгануусун баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо б-ча чараларды иштеп чыгуу, аймактын системалык өнүгүү программасын түзүү, ишканаларга мониторинг жүргүзүү ж. б. ГМСте маалыматты кайра иштетүү ЭЭМдеги матем. ж-а картографиялык ыкмаларды колдонгон геогр. моделдердин негизинде жүрөт. Маалымат сан, текст, график ж-а карта түрүндө берилет.
Ад.: Берлент А. М. Геоинформационное картографирование. М., 1997; его же. Географическая информационная система. //Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006.
О. Топбаев.