ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР – жер бетиндеги геодезиялык пункттарды көрсөтүү үчүн атайын курулган белгилер. Геодезиялык белгилердин үстүндөгү бөлүгү таш мололор, жыгач же металл мунаралар түрүндө тургузулуп, алардын бийиктиги м-н конструкциясы жердин шартына ж-а пункттардын аралыгына жараша ар түрдүү болот. Негизинен бийиктиги 6–18 мге жетет. Жер астындагы бөлүгү бетондон же бетонго карматылган темир түтүктөн турат. Анын ортосуна чоюн марка бекитилип, ага чекит же көзөнөкчө белгиленет. Ал пункттун геодезиялык борбору катары эсептелет. Нивелирлөө пункттарындагы белгилер – репер же имараттардын керегесине тагылган чоюн марка. Маркага геодезиялык пункттун номери ж-а түрү коюлуп жазылат.