ГЕОДЕЗИЯЛЫК ПУНКТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕЗИЯЛЫК ПУНКТ – жер бетиндеги алган орду геодезиялык ченөөлөр м-н координаталардын ж-а бийиктиктин тигил же бул системасында анык

Геодезиялык пункт: 1, 2, 3 – бетон блоктор; 4, 5 – маркалар; 6 – моло.

талган чекит. Геодезиялык пункттун координаталары көбүнчө триангуляция ыкмасы м-н аныкталат. Бул учурда Геодезиялык пункт Триангуляция же тригонометриялык пункт деп аталат. Эгер Геодезиялык пункт полигонометрия ыкмасы м-н аныкталса, ал полигонометрия пункту деп аталат. Геодезиялык пункттун бийиктиги нивелирлөө ыкмасы м-н аныкталат. Триангуляция, полигонометрия ж-а нивелирлөө пункттары белгилүү бир тереӊдикке темир-бетондон курулуп, жер бетине атайын белгилер коюлат (к. Геодезиялык белгилер). Өз ара байланышкан Геодезиялык пункт геодезиялык тармакты түзөт. Ал жер бетинде жүргүзүлүүчү топографиялык изилдөөлөрдүн, ар түрдүү инженердик жумуштар м-н эл чарбасындагы геодезиялык ченөөлөрдүн негизи болот.