ГЕОИД
ГЕО́ИД (гео... ж-а гр. еidos – көрүнүшү) – Жердин океан ж-а деӊиздин (толкунсуз, агымсыз, ташкынсыз ж. б.) деӊгээл бети м-н чектелип, ал беттин уландысы материктер аркылуу көӊүлдө гана болжолдоп жүргүзүлгөн мейкиндик конфигурациялык турпаты (фигурасы). Ал Жердин тегизделген турпаты катары кабыл алынган (к. схема). Геоиддин бети – оордук күчүнүн потенциалынын деӊгээли көрсөткөн беттердин бири. Ал материктердин алды боюнча божомолдуу түрдө созулуп, оордук күчүнө бардык жактан перпендикуляр болгон туюк фигураны пайда кылат. Геоиддин бети жердин физикалык бетине караганда жылмакай келет. Анткени физикалык бетте тоолор ж-а океан кобулдары байкалат. Геоид жөнүндө түшүнүк

Жердин фигурасын планета катары караган көптөгөн көз караштардын натыйжасында куралган. Бул терминди 1873-жылы И. Листинг сунуштаган. Геоидден нивелирдик бийиктиктер өлчөнөт. Геоиддин чегинүүсүнүн орточо чоӊдугу жакшы андалган жер сфероидине салыштырмалуу ±50 мди, ал эми максималдуу чегинүүсү Жер кыртышына ж-а жогорку мантиянын калыӊдыгы м-н тыгыздыгына байланыштуу ± 100 мди (200 мден ашпайт) түзөт. Геоидди изилдөө – геодезиянын максаттарынын бири. Геоиддин формасы Жердин жасалма спутниктеринин жардамы аркылуу аныкталган. Азыркы геодезияда М. С. Молоденскийдин теориясына ылайык Геоид квазигеоид м-н алмаштырылган; ал Геоидден бир аз гана айырмаланат; бирок анын аныктамасы Жердин ички түзүлүшү боюнча түшүнүктү талап кылбайт.
У. Мукамбетов.