ГЕОКРАТОН МЕЗГИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОКРАТО́Н МЕЗГИЛДЕРИ Ж е р т а р ы х ы н д а – Жердин өнүгүшүнө тектоникалык кыймылдын таасиринен жер кыртышы көтөрүлүп, деӊиз суулары тартылып, кургактык аянтынын бир кыйла кеӊейген учурлары. Г. м. ж-а анын карама-каршы болгон талассократон мезгилдери Жердин өнүгүү тарыхында эчен ирет алмашып, бир эле убакытта бир нече континентти кучагына алган. Г. м-не силурдун аягы – девондун басымдуу бөлүгү, таш көмүр мезгилинин аягы, пермь бүт, триастын бир бөлүгү, неоген ж-а антропоген кирет. Г. м. үчүн ариддүү ж-а суук климаттык зоналардын кескин кеӊейиши, континенттик кызыл түстүү чөкмөлөрү (эол, аллювий ж-а көл чөкмөлөрү), өтө туздуу (доломит, гипс, таш туз) лагуналары бар туюк ж-а жарым-жартылай туюк деӊиз алаптары мүнөздүү.