ГЕОСИСТЕМА
ГЕОСИСТЕ́МА , г е о г р а ф и я л ы к с и с т е м а – географиялык кабыкта өз ара аракетте ж-а байланышта болгон компоненттердин биригүүсү. Терминди 1963-жылы В. Б. Сочава жаратылыш аймактык комплекс (ЖАК) термининин синоними катары сунуштаган. Бирок, ЖАКтан айырмаланып, Геосистема түшүнүгүндө табигый компоненттеринин өз ара айкалыштарына эле эмес, алардын ортосундагы зат ж-а энергия алмашуу процесстеринин жүрүшүн талдоого басым жасалат, компоненттердин ортосундагы өз ара аракеттен алардын бири-биринен ажырагыс чырмалышы ж-а жаӊы касиети пайда болот, ошол касиетти изилдөө – Геосистема түшүнүгүндөгү башкы милдет. В. Б. Сочава Геосистемалардын үч деӊгээлин айырмалайт: биринчи планеталык деӊгээл – географиялык катмардан, экинчи аймактык деӊгээл – жер бетиндеги ири Геосистемалардан (өлкө, зона, район ж. б.), үчүнчүсү локалдык жергиликтүү деӊгээл – чакан Геосистемалардан (фация, урочище ж. б.) турат. «Геосистема» термини кийинчерээк башка мааниде да колдонула баштады. Айрым окумуштуулар (А. А. Минц, В. С. Преображенский, Ю. Г. Саушкин) «Геосистема» терминин табигый эле эмес, табигый-социалдык-экономикалык биригүүлөргө, ал эми геологдор жер бетиндеги бардык эле объектилерге карата колдонууну сунуш кылган. Анткени «система» ар түрдүү нерселердин өз ара байланышынын натыйжасындагы биригүүсүн билдирсе, «гео» Жердеги бардык объектилерге тийиштүү экендигин көрсөтөт. «Геосистема» терминин жер бетиндеги ар түрдүү географиялык биригүүлөргө кеӊири түшүнүк катары колдонуу максатка ылайык. Андай Геосистемалардын мисалдары географиялык катмар, географиялык аймактар, ландшафттар, биогеоценоздор, табигый-чарбачылык системалар, аймактык рекреациялык системалар ж. б. Мындай учурда айрым түрдөгү объектилерди мүнөздөөдө терминге сын атоочтун мүчөсү жалганат: табийгаттык, табийгаттык-социалдык, табийгаттык-техникалык, чарбалык ж. б. Бирок бардык учурларда ал объектилерди мүнөздөөдө системалык көз караш – объектинин курамдык бөлүктөрүнүн өз ара байланыштарын анализдөө негизги ыкма болот.
Геосистемаларды анализдөөдө үч түрдүү модель колдонулат: моносистемалык, мында Геосистеманын бөлүктөрү табийгат компоненттери же чарба тармактары; полисистемалык, мында Геосистеманын элементтери андан төмөн деӊгээлдеги (аймагы боюнча) Геосистемалар; динамикалык, мында Геосистеманын мезгил ичиндеги ар түрдүү абалдары (кышындагы, жайындагы) каралат.
Ад.: Сочава В. Б. Введение в учение о геосистемах. М., 1979; Жекулин В. В. Введение в географию. М., 1989; Круть И. В. Введение в общие теории Земли. М., 1978; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Мизун Ю. Г. Процессы в геосфере. М., 1988; Исаченко А. Р. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1991.
Т. Кулматов.