ГЕОТЕХНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕХНОЛО́ГИЯ – кенди жаткан жеринен эле иштетүүнүн химиялык, физизика-химиялык, биохимиялык ж-а микробиологиялык ыкмалары. Көмүрдү жер астында газга айландыруу, күкүрт эритип алуу, жер астындагы ысык суулардан минерал заттарды бөлүп алуу, нефтини жылуулук аркылуу чыгаруу ж. б. ыкмалар Геотехнологияга мисал боло алат. Дүйнөдө казып алынуучу күкүрттүн 2/3ге жакыны жер астындагы кен чыккан жердин өзүндө өтө ысык суу м-н эритип алынат. Ушул ыкма м-н алынган күкүрттүн сапаты да жогору (99,99%) болот. Өзүлөрү 80–90°Сде эрий турган асфальт, бура, озокерит ж. б. минералдарды да ушул ыкма м-н алууга болот. Калий тузу жаткан жеринде эритилип, сордурулуп чыгарылган эритме буулантуу аркылуу алынат. Геотехнология запасы анчалык көп болбогон кенташтарды казып алууга, чачыранды элементтерди алууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.