ГЕРАКЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРАКЛИ́Т Эфесский (Herakleitos Ephesios) (б. з. ч. 544, Эфес, Азия – б. з. ч. 483, ошол эле жерде) – байыркы грек философу, диалектиканын принциптерин биринчи аныктаган ойчул. «Жаратылыш жөнүндө» деген чыгармасынын түп нускасы бизге чейин үзүндүлөр түрүндө жетсе да, анын филос. жоболору адамзаттын дүйнө тааным ойлоосунда зор роль ойногон. Г. дүйнөнүн жаратман уӊгу башаты, түпкү себеби от деп эсептеген. Ал жаратылыштагы өтө тез өзгөрүлмө, токтобогон, дайым кыймылда турган зат. Бүт дүйнө оттон келип чыккан, а түгүл жан өзү да оттон. Бардык бар нерселер (космос) эч ким тарабынан жаратылган эмес, түп негизинде ар качан от болгон. Ошол эле учурда ал – түбөлүк жанып-күйүүнүн күчү, өчүүнүн өлчөмү катары жашай берүүчү чексиз кыймыл. Муну Г. «логос» деп атаган. Дүйнөлүк процесс мезгилдеп, мерчем-мерчем болуп агат. Жаратылыштын жашоосу – кыймылдын үзгүлтүксүз жүрүп турушу. Анда ар кандай нерселер ж-а ар кандай касиеттер өзүнүн карама-каршысына айланып (жаӊыланып), биринен бирине өтүп турат. «Бир дарыяга эки жолу кирүүгө болбойт». Аалам турмушунда мындай өткөөлдөр жөн салды гана өзгөрүүлөрдөн болбостон, баары карама-каршылыктардын к ү р ө ш ү аркылуу өтөт. Күрөш – өтө жалпы көрүнүш, ал «баарынын атасы, баарынын падышасы» деген.
Т. Эсенгелдиев.