БРЮЛЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЮЛЛО́В Карл Павлович [12 (23). 12. 1799, Санкт-Петербург – 11 (23). 6. 1852, Римге жакын Марчано кыш., сөөгү Римге коюлган] – орус сүрөтчүсү. Сүрөт академиясында окуган (1809–21). 1823–35-ж. Италияда иштеген. Петербург көркөм сүрөт академиясынын проф. (1836). Б. алгачкы чыгармаларында классицизмдин эстети-

Брюллов К. П. «Помпейдин акыркы күнү». 1830–33.
Орус музейи. (С.-Петербург).

калык принциптеринен баш тартып, дүйнөнү реалисттик чагылдырууга умтулган («Италиядагы чак түш», 1828, Орус музейи. Санкт-Петербург; «Вирсавия», 1832, Третьяков гал.). Негизги чыгармасы – «Помпейдин акыркы күнү» (1830–33). Орус живописинин тарыхына классикалык чыгарма катары кирген бул сүрөт Б-ду ошол кездеги атактуу сүрөтчүлөрдүн катарына кошту. Жованни Пачининин (1832), В. А. Перовскийдин (1837) ж-а орус интеллигенциясынын Н. В. Кукольник (1836), И. А. Крылов (1839), А. Н. Струговщиков сыяктуу көп өкүлдөрүнүн портреттерин жараткан.
Ад.: Ракова М. М. Брюллов – портретист. М., 1956.