ВЕСТ-ИНДИЯ
ВЕСТ-́ИНДИЯ (West Indies – Батыш Индия) – Атлантика океанында, Түн. ж-а Түш. Америка материктеринин аралыгында жайгашкан аралдардын жалпы аты. Ага Багама, Чоӊ ж-а Кичи Антил, Тринидад, Тобаго ж. б. аралдар кирет; эӊ ириси – Куба а. Жалпы аянты 240 миӊ км2дей. Өтө тилмеленген тоолуу рельеф басымдуу. Тоолорунун бийикт. 3175 мге чейин (Гаити а-нда). Катуу жер титирөөлөр (Кубанын түзөӊ бөлүгүнөн башка) болуп турат, аракеттеги ж-а өчкөн жанар тоолор көп (Суфриер, Монталь-Пеле ж. б.). Марганец кенташ, хромит, курамында никель бар темир кенташ, табигый асфальт (Тринидад а-нда), фосфорит (Аруба ж-а Кюрасао а-нда) кендери бар. Ойдуӊдарга негизинен маданий өсүмдүктөр, тоолорго дайыма жашыл ж-а жайында көгөрүүчү токой (көбү кыйылган), саванна мүнөздүү. Калкы 42 млндон ашык (2009). В.-И-нын аралдарында Антигуа ж-а Барбуда, Аруба, Багама Аралдары, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика, Доминикан Респ., Куба, Сент-Винсент ж-а Гренадины, Сент-Китс ж-а Невис, Сент-Люсия, Тринидад ж-а Тобаго, Ямайка мамлекеттери, о. эле АКШнын, Улуу Британиянын, Нидерланддын, Франциянын ээликтери жайгашкан. В.-И. аралдарын Х. Колумб Индияга баруучу кыска деӊиз жолун издөө үчүн жасаган саякатында (1492–1502) ачкан. Европалыктар чыныгы Индияга баруучу деӊиз жолун ачканга чейин (16-к-дын башы) Азиянын бир бөлүгү деп жаӊылыш эсептелген. Кийинчерээк Индиядан (Ост-Индия) айырмалаш үчүн В.-И. деп аталган.