БУКАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКАРЫ (кажары) – колго терип согулган оймо-чиймелүү жука, жумшак таар. Эриш жиптерин калкытуу ж-а чөгөрүү ыкмалары м-н оймо-чийме түр салынат. Б-да бир калыпта жайгашкан терүүлөр кайталануу м-н кооздолот. Таардын өзгөчөлүктөрү: арткы бетинде оймо-чиймени түзүүгө катышпаган, аркакка 3–4 жолу бастырылбай калган бош жиптери болот. Алар кийинки оймо-чиймени салууга гана өӊ тарабына чыгарылат. Таардын түсү көбүнчө кызыл, көк, сары, кээде ак болуп, жөнөкөй кууш өрмөктө токулат, эни 5–30 см болот. Б. сызмалар боз үйдүн үзүк-туурдугуна, жыгачтарына боо кылынат. Б-дан ат жабуу, такта жабуу, куржун, тегирич, шалча ж. б. жасалат. Б. Кырг-ндын бардык райондорунда, о. эле өзбек, каракалпак ж-а казактарда бар.