БУЛА БӨЛГҮЧ
БУЛА БӨЛГҮЧ – пахта буласынан чигит бөлүүчү машина. Анын үбөлүктүү (валиктүү) ж-а араалуу түрү бар. Ү б ө л ү к т ү ү Б. б. машинанын негизги бөлүгү тери оролгон жумуру үбөлүктөн; а р а а л у у Б. б. тасма оролгон тиштүү үбөлүктөн турат. Араалуу Б. б. иштетилбеген орто булалуу пахтаны араанын тишинде кармап чигитинен ажыратат. Үбөлүктүүсү үбөлүктөрдүн ортосунда кысуу ыкмасы м-н бөлөт.