АЛЬТАМИРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТАМИРА – жогорку палеолит дооруна (б. з. ч. 17–14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер шаарына жакын жерде жайгашкан. 1876–79-жылдарда испан археологу ― Марселико Санс де Саутуолой ачкан жана изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк менен тартылган жана ташка чегилген бизондун, аттын ж. б. айбанаттардын сүрөттөрү, ошондой эле таш куралдары табылган.

Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөрдө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук маданияттан маалымат берет. Альтамира – бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинине киргизилген археологиялык эстеликтердин бири.