БУЛА БӨЛГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 11 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛА БӨЛГҮЧ – пахта буласынан чигит бөлүүчү машина. Анын үбөлүктүү (валиктүү) жана араалуу түрү бар. Ү б ө л ү к т ү ү Була бөлгүч машинанын негизги бөлүгү тери оролгон жумуру үбөлүктөн; а р а а л у у Була бөлгүч тасма оролгон тиштүү үбөлүктөн турат. Араалуу Була бөлгүч иштетилбеген орто булалуу пахтаны араанын тишинде кармап чигитинен ажыратат. Үбөлүктүүсү үбөлүктөрдүн ортосунда кысуу ыкмасы менен бөлөт.