БУЛ-ТЕКЕ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ-ТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛ-ТЕКЕ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ-ТАШ КЕНИ Чүй обл-нун Москва р-нунда, Беловодский (Ак-Суу) кыш-нан 35 км түш. тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. этегинде, деӊиз деӊг. 1546–1700 м бийиктикте. 1969–70-ж. Түндүк геол. экспедициясы чалгындаган. Аймагын негизинен ордовик м-н антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө ж-а девондун аягында жиреп чыккан интрузия тоо тектери түзөт. Күӊүрт боз, кара түстөгү серицит-чопо-көмүртектүү ж-а көмүр чополуу бүлөө таш (сланец) – кендин пайдалуу катмары. Алардын калыӊдыгы 600 мден ашык. Бүлөө таштын көөп чыгуу коэфф. 6,14% ж-а темп-расы 116°С, орт. тыгыздыгы 0,44 г/см3. Бүлөө таш «Б» классынын «500» маркасындагы керамзиттик гравий ж-а кум алууга жарамдуу. Запасы А+В категориясы б-ча – 3873 миӊ м3, С1 – 37500 миӊ м3. Баланстагы запасы: А–112 миӊ м3, В–1109 миӊ м3, С2–37500 миӊ м3.