БУЛУӉ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 13 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛУӉ – океан, деӊиз же көлдүн кургактыкка кирип турган бөлүгү. Булуң суусу океан, деӊиз суулары менен эркин алмашып турат. Кээде дүйнөлүк океандын гидрологиялык режими боюнча деӊиз болуп эсептелген айрым бөлүктөрү да Булуң деп аталат; мисалы: Мексика булуӊу, Гудзон булуӊу, Перс булуӊу. Ысык-Көлдүн ири Булуңдары: Түп, Жыргалаӊ, Кызыл-Суу ж. б.