БУЛЬ
БУЛЬ Джордж (2.11.1815. Линкольн – 8.12.1864, Ирландия, Баллинтемпл) – англ. математик ж-а логик. Ал өзүнүн «Логиканын математикалык анализи», «Ой жүгүртүүнүн закондорун изилдөө» деген эмгегинде матем. логиканын негиздерин киргизген. Анын көп сандаган эмгектеринде сунуш кылынган символдук логика аппараттарынын негизинде пайда болгон математика бөлүгү «Буль алгебрасы» деп аталып калды. Ошол эле учурда аны Б. Спинозанын этикасы, Аристотелдин ж-а Цицерондун филос. эмгектери кызыктырган.
Ж. К. Асанов.