БУРАЛМА-КАНАТТУУ УЧУУЧУ АППАРАТ
БУРАЛМА-КАНАТТУУ УЧУУЧУ АППАРАТ – атм-рада же космос мейкиндигинде башкарылма которулуучу түзүлмө. Мында көтөрүүчү аэродинамикалык күч (толук бойдон же кандайдыр бир бөлүгү) буралма канаттын жардамы м-н түзүлөт. Ага вертолёт, автожир, конвертоплан ж. б. кирет.