БУРАЛМА-КАНАТТУУ УЧУУЧУ АППАРАТ
БУРАЛМА-КАНАТТУУ УЧУУЧУ АППАРАТ – атмосферада же космос мейкиндигинде башкарылма которулуучу түзүлмө. Мында көтөрүүчү аэродинамикалык күч (толук бойдон же кандайдыр бир бөлүгү) буралма канаттын жардамы менен түзүлөт. Ага вертолёт, автожир, конвертоплан ж. б. кирет.