БУРАЛМА КЫЙМЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРАЛМА КЫЙМЫЛ – катуу нерсенин кандайдыр октун айланасында айлануусунан ж-а ошол ок б-ча алга жылуудан турган татаал кыймыл. Катуу нерсенин ар кандай кыймылдарын кандайдыр мейкиндикте буралма октун айланасында өзүнүн багытын көз ирмемде өзгөртүүчү элементардык Б. к-дын удаалаштыгы катары кароого болот.