БУРБАКИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРБАКИ́ Никола (Bourbaki Nicolas) – Франциядагы математиктердин бир тобунун жалпы шарттуу фамилиясы ж-а ысымы; алар формалдуу аксиомалык ыкма (көп томдук «Математиканын элементтери» трактаты) позициясында туруп, ар кандай матем. теоремаларды жазып түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Алардын ой жүгүртүүсү жалпыдан жекеге деген филос. Категорияда жүргүзүлгөн. Ар кайсы өлкөнүн окумуштууларынын докладдарын угуп тура турган «Бурбаки семинары» иштеп турган. Ал топ 1937-ж. түзүлүп, Жогорку нормалдуу мектептин мурдагы тарбиялануучулары иш жүргүзүшкөн. Анын так курамы, канча адамдан турары ачык айтылбай келүүдө.