БУРГУЛОО КӨЗӨНӨГҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО КӨЗӨНӨГҮ , с к в а ж и н а, к ө з ө н ө к – бургулоочу станоктордун жардамы м-н жер кыртышында тоотектерди көзөп казылган цилиндр тибиндеги өткөөл. Көзөнөктүн диаметри 25 ммден 5 мге чейин жетип, тереӊдиги бир нече миӊ метрди түзөт ж-а бир жагы туюк болот. Эӊ тереӊ бургу көзөнөгү Кола ж. а-нда долбоорлонуп (15000 м), учурдагы тереӊдиги 12000 мден ашыгыраак. Геологияда, ар кандай тереӊдиктердеги түзүлүштөрдү, тектерди, кен тулкуларын издөө максатында, нефть, газ, жер астындагы сууларды изилдеп чалгындоо ж-а иштетүү үчүн, жер кыртышында тик, горизонталдуу же жантык багыттарда бургуланышы мүмкүн. Аткарган кызматына жараша – геол. карта түзүү үчүн, структуралык, гидрогеол., геофиз., изилдөөчү, чалгындоочу, казып алуучу желдеткич (шахталарда), дренаждык ж. б. деп айырмаланат. Бургулоонун ыкмасына карай канаттан соккуланып, колонкада айлантып бургуланган ж. б. деп да бөлүнөт.