БУРГУЛОО МАШИНАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:40, 15 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО МАШИНАЛАРЫ – бургулоонун техникалык каражаттары. Буларга бургулоо каретасы, бургулоо курулмасы, бургу-шнектүү машина, бургулоочу балка ж. б. кирет. Бургулоо машиналары негизинен техникалык үч тармакта: нефть жана газ өндүрүдө тереӊ (бир нече км) бургулоо, кен байлыктарды чалгындоодо жана тоокен менен курулушта жарылуучу заттарды жайгаштыруу үчүн көзөнөктөрдү (көзөнөкчөлөрдү), шпурларды бургулоо багытында өнүккөн жана колдонулат.