БУРЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 15 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРЕЯ́ – Хабаров крайы менен Амур облусундагы дарыя, Амурдун сол куймасы. Узундугу 623 км, алабынын аянты 70,7 миӊ км2. Оӊ жана Сол Буреялардын кошулушунан түзүлөт. Жогорку агымы тоо, төмөнкү бөлүгү Зея-Бурея түздүгү аркылуу агат. Орточо чыгымы 940 м3/сек. Чатынан 197 кмге чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Бурея ГЭСи курулган.