ВАКАЯМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАКАЯ́МА – Япониядагы шаар. Вакаяма префектурасынын адм. борбору. Калкы 944,3 миӊ (2017). Кинокава д-нын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Кии кысыгынын чыгыш жээгиндеги порт. 16-к-да негизделген. Сепил, ун-ттер, парк бар. В. – ири өнөр жай борбору. Хим., нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, электроника, кара металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аймактын борбору. Шаарга жакын Коя-Сан храм комплекси сакталган.