БУРЧТУК ЫЛДАМДАНУУ
БУРЧТУК ЫЛДАМДАНУУ – катуу нерсенин бурчтук ылдамдыгынын өзгөрүү тездигин мүнөздөөчү вектордук чоӊдук. Бурчтук ылдамдыгы бир калыпта чоӊоюучу (же азаюучу) нерсенин кыймылсыз октун айланасында айлангандагы Бурчтук ылдамдануусунун сан чоӊдугу: =, мында – бурчтук ылдамдыктын убакыттагы өсүндүсү. Жалпы учуру: =; бирдиги рад/сек2. Бурчтук ылдамдануунун багыты бурчтук ылдамдыктын багытына дал келет, ал эми акырындатылган айлануу кыймылында ага карама-каршы багытталат.