БУРЯТ ТИЛИ
БУРЯ́Т ТИЛИ – бурят калкынын тили. Монгол тилдеринин тобуна кирет. Б. т. 4 диалектиге (батыш, чыгыш, төмөнкү уда, сартул-цонгол) бөлүнөт. Бурят адабий тили элдик тилдин негизинде калыптанган. Жазуусу 1931-ж. латын, 1939-ж. орус графикасынын негизинде түзүлгөн.