БУССОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУССО́ЛЬ – магниттик меридиан м-н кандайдыр бир нерсеге жиберилген багыттын (азимуттун) арасындагы горизонттук бурчту өлчөөчү геод. аспап. Айнектелген тегерек кутучанын ортосунда бекитилген айланма магнит жебеси болот. Кутучада градустарга бөлүнгөн тегерекче (лимб) ж-а бир нерсеге багытталуучу оптикалык дүрбү бар. Б. топогр.-геодезиялык жумуштарды жүргүзүүдө, артиллерияда ж. б. Пайдаланылат да, анын артиллерияда асма, күзгүлүү, автоколлимациялык түрлөрү болот.