БУССОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:53, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУССО́ЛЬ – магниттик меридиан менен кандайдыр бир нерсеге жиберилген багыттын (азимуттун) арасындагы горизонттук бурчту өлчөөчү геодезиялык аспап. Айнектелген тегерек кутучанын ортосунда бекитилген айланма магнит жебеси болот. Кутучада градустарга бөлүнгөн тегерекче (лимб) жана бир нерсеге багытталуучу оптикалык дүрбү бар. Буссоль топографиялык-геодезиялык жумуштарды жүргүзүүдө, артиллерияда ж. б. пайдаланылат да, анын артиллерияда асма, күзгүлүү, автоколлимациялык түрлөрү болот.