АНАНЬЕВ Константин Николаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.7.1910, т., РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. - ө.ж.б.)] – байланыш системасынын новатору, Соц. Эмг. Баатыры (1956). А. 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик

кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө жана телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмг. сиңирген. Топтун демилгеси менен Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.