БУТАДИЕН КАУЧУГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:03, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТАДИЕ́Н КАУЧУГУ , д и в и н и л к а у ч у г у – бутадиендин полимерленишинен алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле ал узун макромолекулалуу тизмектүү, кээде бутактанган түзүлүштө болот да, жүз миӊден миллионго чейинки орточо молекула массага ээ. Полимерлөөнүн шартына жараша цис- жана транс- (изомер) түзүлүштө болот. Жегич металлдардын катышуусунда негизинен транс- түзүлүштөгү натрий бутадиен каучугу алынат. Бул каучук 1927-жылы С. В. Лебедевдин ыкмасы боюнча СССРде 1-жолу этил спиртинен синтезделип алынган бутадиенди натрийдин катышуусунда полимерлөөдөн алынган. Андан табигый каучукка караганда ийилгич, бышык резиналар пайда болот. Шина, ташыгыч тасма, суукка чыдамдуу бышык буюмдарды, тиричиликке керектүү резиналарды алууда колдонулат.