БУТАКАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТАКАНА , т и р (фр. tir – кере тартуу, жаа тартуу) – кол менен атылчу куралдардан ок атып көнүгүү жана машыгуу үчүн жасалган жабык же жарым-жартылай ачык жай. Бутакананын узундугу эки түрдүү (400 м ж-а 100 м) болот. Бутакана куралдарды сынап көрүү полигондорунда, ок атуучу куралдарды чыгаруучу ишканаларда курулат. Ал ок тешип чыгып кетпегидей, аткычтардын коопсуздугуна зыян келбегендей кылып жасалат. Бутаканада ок тийүүчү тилке менен буталар механикалаштырылат жана электрлештирилет, көмөкчү жана сабак өткөрүлүүчү жайлары, ок-дары коюлуучу, эс алуучу бөлмөлөрү болот.