БУТАКТАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТАКТАНУУ ө с ү м д ү к т ө – жаӊы өркүндүн пайда болушу ж-а алардын сабакта, көп жылдык бутакта, тамыр сабакта тармактанышы. Б-нун натыйжасында өсүмдүктүн чөйрө м-н байланышкан бетинин аянты кеӊейип, тиричилиги үчүн керек азык заттарды, күн энергиясын көбүрөөк алууга мүмкүндүк түзүлөт. Анын бир нече түрү белгилүү. 1. Д и х о т о м и я л ы к же ачаланып Б. Мында өсүү конусунан бирдей эки бутак өсүп чыгат, өз кезегинде алардын ар биринен дагы экиден бутактар пайда болот д. у. с. 2. Айрым өсүмдүктүн негизги сабагынын чоку бүчүрү өсүшүн токтотуп, анын алды жагындагы тушташ эки каптал бүчүрлөрдөн эки бутак өнүп чыгат. Алар белгилүү өлчөмдө узарганда өсүшүн токтотот да ар биринен экиден бутак пайда болот. Мындай Б. ж а л г а н д и х о т о м и я л ы к деп аталат. 3. М о н о п о д и я л ы к Б-да негизги башкы сабак узунунан өсүүсүн токтотпойт да, анын өсүү конусунда калыптанган каптал

Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өркүнүнүн бутактануу
схемасы: 1 – дихотомиялык (а – изогамия; б – анизогомия);
2 – моноподиялык; 3 – симподиялык.

бүчүрлөрдөн каптал бутактар өсүп, ал бутактардан экинчи катардагы каптал бутактар пайда болот. Негизги бутак каптал бутактарга караганда ылдамыраак өсүп, жоон ж-а узун болот. Бул Б. пальма, карагай ж. б-га мүнөздүү. 4. С и м п о д и я л ы к Б-да чоку бүчүр белгилүү мезгилден кийин өсүшүн токтотуп, андан бир аз төмөнүрөөк жайгашкан каптал бүчүр өсөт, ал өсүүсүн токтоткон кезде каптал бүчүр бутактанат. Мындай Б. көпчүлүк дарак (кайыӊ, терек, тал ж. б.) ж-а чөп (дарбыз, картошка ж.б.) өсүмдүктөргө мүнөздүү. Б. сабакта гана эмес, тамырда, топ гүлдө, тарамыштарда (өткөргүч боочолордо), жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн талломдорунда да болот. Ал өсүмдүктүн сырткы көрүнүшүн (габитусун) аныктайт.
К. Т. Шалпыков.