БУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ – газ абалындагы зат. Буулануу процессинде пайда болот. Заттын мындай абалы ошол эле Б-ланган заттын конденсацияланган (суюк же катуу) абалы м-н теӊ салмакта болгон шартта алынат. Хим. таза заттар каныккан буу, каныкпаган Б., өтө каныккан буу абалында болот. Алар каныгуу темп-расы ж-а басымы аркылуу айырмаланат. Суу Б-су буу барасында ж-а буу машинасында жумуш аткарууда колдонулат.