БУУГАН
БУУГАН , К ө т м а л д ы – Кочкор (Чүй) суусунун Ысык-Көлдү көздөй кеткен айрыгы, салаасы; эски нук, сай. Балыкчы шаарынын түштүк-батышында. Узундугу 8 кмдей, жазылыгы 18–180 м, тереӊдиги 3–4 мге жеткен. Бирок кийинки жылдарда Көтмалдынын аймагында жерди өздөштүрүү иштеринин натыйжасында өзөн бир топ өзгөрүүгө учураган; баш жагы түзөтүлүп, айдоого айланган, ылдый шаарга жакын жерин өнөр жай ишканалары, жол курулуштары ээлеген. Эски нуктун сакталып калган бөлүгү ортосунда, анын узундугу 3 кмдей, азыр кургак сай. Көтмалдынын аягы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кызыл-Сазды аралап өтөт. Бул 500 м аралыкта эски нук менен бир аз кара суу агат. Көтмалды айрыгынын пайда болгон убагы белгисиз, бирок анын акыркы 130 жыл ичинде абалы негизинен маалым. Илгери саратан жайда, Кочкор суусу кирген мезгилде суу көптүгүнөн өзөнгө батпай, кашаттарга чейин жайылып, Боом капчыгайын карай имерилиште суу жээктеп ашып, аны жемирип, жердин ыгына карай эӊкейиш менен Ысык-Көлдү көздөй агып, Бууган салаасын пайда кылган. Жайдын аягында, Кочкор суусу тартылганда Буугандын айрыгында аз эле суу калып, күзүндө топтолгон. Бул мезгили менен суу аккан салаасы Көтмалды же Бууган атыккан. Кочкор суусун торогон Орто токой бөгөтү курулгандан бери (1960) Буугандын нугу кургап, аны менен суу акпай калган. Кылымдар бою Бууган бир калыпта турган эмес. Анын абалы (узун-кыскалыгы, чоӊ-кичинелиги) көбүнчө Ысык-Көлдүн деӊгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Көлдүн суусу көбөйүп, Ысык-Көл чанагына батпай, Боом капчыгайы аркылуу Сары өзөн Чүйгө куйган убакта (17-кылымдын ортосу – 19-кылымдын 1-чейреги) Бууган көл суусунун астында калган. Кийин көлдүн тартылышы менен салаа кайта калыбына келип узарган жана нугу кеӊейип тереӊдеген. 1856-жылы күзүндө (П. П. Семёнов-Тян-Шанскийдин 1867-жылкы маалыматы боюнча) Көтмалдынын жазылыгы 12 мге, 10 жылдан кийин (Ф. Р. Остен-Сакен, 1869) 15 мге жеткен. 1860-жылы Көтмалдынын аймагы ченелип, картага түшүрүлгөндө (М. И. Венюков) салаанын узундугу 3,5 км, суунун тереӊдиги (май айында) 180 смден ашык, агын суунун ылдамдыгы 103 м/сек болгон. 1898-жылы май айында Буугандын узундугу 5,5 кмге жетип, өзөн менен Ысык-Көлдү көздөй чыгымы 10 м3/сек болгон суу аккан (Л. Шеффер, 1899). Мындан 9–10 миӊ жыл мурун (плейстоцендин аягы, голоцендин башы) Бууган аркылуу Пра–Чүй суусу аккан; анын 32 кмге созулган уландысы Балыкчы булуӊунун таманында суу астында жаткан өзөндүн нугунан көрүнүп турат. Көтмалды топоними адабиятта 19-кылымдын башынан бери белгилүү («Манас» эпосунда ал андан мурун эле айтылып жүргөн). Бирок европалык илимпоздор үчүн анын абалы бүдөмүк болчу: немис географтары А. Гумбольдт (1831), К. Риттер (1832) ж. б. Көтмалдыны Ысык-Көлдөн агып чыккан суу деп караган. Бул өзөндүн картадагы так ордун абалын илимде биринчи болуп 1856-жылы П. П. Семёнов аныктаган. Ал эми Бууган топоними – адабияттарда 1875-жылдан кезигет. А. В. Каульбарс (1875) аны казылган аӊ, арык (канава), В. В. Сапожников (1903) Кочкор суусунун бир айрыгы деп эсептеген. Бул эки аталыштын качан жана кандайча пайда болгону, этимологиясы белгисиз. Карылардын айтуусуна караганда номен Көтмалдынын нугун торогон, бууган деген сөздөн чыгышы ыктымал. Өзөндүн айрым жерлери Буулан-Арык, Бууган-Чий, Ак-Чийбууган ж. б. аталып, өрөөндүн өзгөчөлүгүн билдирет.
С. Өмүрзаков.